25-28-июль күндөрү туруксуз аба ырайына байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн
2020-жылдын 25-июлунан 28-июлуна чейин туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, коопсуздук иш-чараларды сактап жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.
Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, ӨКМнын 2020-жылдын 23-июль күнү телефонограммасы чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жеткирилген. Ошондой эле ӨКМнын алдындагы ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

