super.kg logo

Бишкек шаарында 100 орундуу кошумча жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу башталды

 

Бишкек шаарына курула турган 100 орундуу кошумча жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу башталды. Оорукананын курулушунун пайдубалын түптөө иш-чарасына президент Сооронбай Жээнбеков катышты. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

"Жылуу мезгилде стационарлардын иши жакшы жүрүүдө, эл келип тиешелүү дарылануусун алып жатышат. Стационарларга кайрылган бейтаптардын саны азайып баштаганы бизди кубандырат. Азыр пандемиянын экинчи толкуну болушу мүмкүндүгү айтылууда. Андыктан биз күзгө жана кышка даяр болушубуз керек. Бул багыттагы тиешелүү иштер жүрүп жатат", - деген президент.

Президент муну менен катар мамлекеттик жеке өнөктөштүктүн алкагында инвесторлорду тартуу менен Бишкекте, Ошто жана өлкөнүн бардык аймактарында комплекстүү ооруканалар курула тургандыгын баса белгиледи.

"Биздин жарандар заманбап медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү комплекстүү түрдө бир жерден ала алгандай көп багыттуу ооруканаларды курабыз. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциби боюнча кызматташууга кызыкдар инвесторлор бар", - деди Сооронбай Жээнбеков.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Урматбек Кокочаровдун маалыматы боюнча, оорукана Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын аймагында тез тургузулуучу конструкция менен курулат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
25.07.2020. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сороновирустан үмүт жок
26.07.2020. 01:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болот экенго жакшы иштерди жасаса. Коз тийбесин эми.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: