super.kg logo
  Саясат  

Өлкөдө 30-июль коронавирустан каза болгондор үчүн аза күтүү күнү деп жарыяланат

 

Өлкөдө 30-июль коронавирус инфекциясынан каза болгондор үчүн аза күтүү күнү деп жарыяланат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.

"Айтпай турайын дедим эле, маалымат берип коёюн. 31-июль Курман айт деп жарыяланды. 30-июлду өлкө боюнча жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялайм. Тиешелүү Жарлык чыгат, буюрса. Аза күтүү күнүндө каза болгон мекендештерибизге куран окуталы. Дагы бир ирет каза болгон мекендештеримдин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Ар бир кыргызстандыктын башына келген кыйынчылык, оор жоготуу менин жүрөгүмдө. Чоң жоготууга туш болгон мекендештериме сабыр тилейм, кайрат тилейм. Маркумдардын бейиши болсун дейм. Кыргыз өлкөбүздү Жараткан Кудай өзү колдосун", - деди Сооронбай Жээнбеков.

Эске салсак, бүгүн, 25-июлга карата өлкөдө коронавирус инфекциясынан жана пневмониядан жалпы 1 миң 249 адам каза болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: