Бишкекке Түштүк Кореядан 49 Кыргыз жараны учуп келди
Бүгүн, 25-июлда “Манас” эл аралык аэропорту "T-way" авиакомпаниясынын Сеул-Бишкек-Сеул багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алды. Каттам менен Кыргыз өлкөсүнө Корея Республикасынан 49 Кыргыз жараны кайтып келди. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, каттам Корея тарап менен жетишилген макулдашууларды ишке ашырууда Корея Республикасынан Кыргыз жарандарын, Кыргыз өлкөсүнөн Кореянын жарандарын алып чыгуу үчүн уюштурулган.
Кыргыз өлкөсүнүн президентинин жана өкмөтүнүн чет мамлекеттердеги Кыргыз жарандарын кайтаруу боюнча тапшырмасын аткаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер улантылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:32
2025-07-28
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.