super.kg logo

Улуу Британиянын премьер-министри жергиликтүү тургундарды арыктоого чакырды

 

Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон британиялыктарды ушул жайда арыктоого чакырды. Премьер-министрдин бул сунушу күзүндө болот делинип жаткан коронавирус инфекциясынын толкунун алдын алууга жардам берет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Чынын айтканда, арыктоо бул өзүңүздүн тобокелчилигиңизди азайтуу жолдорунун бири", - деген Жонсон.

Жонсон өзү коронавирус инфекциясын жуктуруп алып, ооруканага жаткандан кийин арыктап кеткенин айткан. "Мен учурда өз калыбымдамын. Азыркы учурда 6 жарым килограммга арыктадым. Биринчи кезекте мен тамакты аз жеп, көп машыгып жатам", - деп кошумчалаган ал.

Улуу Британияда ашыкча салмактуулук менен күрөшүү боюнча пландар жарыяланышы күтүлүүдө. Каралып жаткан сунуштарга кечки саат 21:00гө чейин керексиз тамак-аш жарнамаларына тыюу салуу кирет.

Улуу Британияда жалпы 299 миң 503 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(3)
25.07.2020. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
туура эле айтыптыр ашыкча салмактуулук коп ооруларга жол ачып берет экен.Ошондуктан семируунун кажети жок норма болсо адамда женил журот
26.07.2020. 03:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен семиралбай журсом адамдар арыктай албай журотко, 175 бойлор, 60 кг жарашпайт экен
26.07.2020. 05:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
dangerouskg94, Ооба өтө эле арык көрүнүп каласыз. 175 боюңуз болсо 70-75 кг норма болсо керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: