26-июлга карата аба ырайы
Эртең, 26-июлда Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, ошондой эле Чүй, Талас, Баткен, Нарын облустарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. 28-июлга чейин туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +29…+34;
Таласта түнкүсүн +13…+18, күндүз +29…+34;
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +32…+37;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+28;
Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +24…+29;
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +19…+21, күндүз +32…+34 градус болот.
