Ошко Новосибирсктен Кыргыз жарандары учуп келди

«Ош» эл аралык аэропортунда 25-июлда «Сибирь (S7)» авиакомпаниясынын Новосибирск–Ош багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алышты. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 184 Кыргыз жараны кайтып келди, алардын ичинде балдар да бар.
Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Новосибирск аймактарында жашаган Кыргыз жарандарынын жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлгөн. Алардын ичине төрөтүнүн мөөнөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары барлар, ошондой эле ыкчам түрдө мекенине кайтууга олуттуу себептери бар болгон жарандар. Оор илдеттери барлар, жакында эле Новосибирсктеги клиникаларда хирургиялык операция жасаткандар, оор турмуш кырдаалдарына кабылган жарандар жана Сибирь аймактарында окуган студенттер кирди.
Аны менен бирге бул каттам менен Иркутск, Сахалин, Томск облустарындагы жана Саха-Якутия Республикасындагы мекендештер кайтып келишти. Ошондой эле бул рейс менен Новосибирсктеги кыргыз диаспорасы тарабынан жалпы суммасы 500 миң рублга барабар дары-дармектерден турган гуманитардык жардам келди.
