super.kg logo

"Ухан вирусу": Дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын 15 миллион 984 миң 384 адам жуктуруп алды

 

Бүгүн, 26-июлга карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын 15 миллион 984 миң 384 адам жуктуруп алды. Анын 9 миллион 218 миң 739 бейтабы айыгып чыкса, тилекке каршы 643 миң 384 адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 4 миллион 176 миң 716 адамдан коронавирус аныкталып, 146 миң 384 адам каза болсо, 1 миллион 279 миң 414 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Бразилия турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 2 миллион 394 миң 513 адамдан аныкталды. 86 миң 449 адам каза болсо, 1 миллион 785 миң 359 бейтап айыкты.

Ал эми Индия үчүнчү орунда. Индияда 1 миллион 337 миң 24 адам вируска кабылган. 31 миң 358 бейтап көз жумса, 849 миң 432 бейтап оорудан сакайган.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: