Өлкөнүн мамлекеттик карызынын көлөмү 351 миллиард 27 миллион 580 миң сомду түзөт
Өкмөт мамлекеттик тышкы карызды реструктуризациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө белгиледи. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Өкмөттүн билдирүүсүндө G20 (Чоң жыйырмалык) жана Париж клубу тарабынан жакыр өлкөлөр үчүн карыздарды тейлөө ишин токтото туруу демилгеси колдоо тапкан соң, Кыргыз өлкөсү эки тараптуу кредиторлорго тышкы карызды тейлөөнү токтото турууга расмий кайрылууларды жөнөткөн.
“Бүгүнкү күндө дээрлик бардык эки тараптуу кредиторлор менен карызды тейлөө үчүн төлөмдөрдү кийинки 3-4 жылга калтыруу жөнүндө макулдашууга жетишилди. Ал кредиторлор: Сауд Арабия өнүктүрүү фонду, Араб экономикалык өнүгүү боюнча Кувейт фонду, Франция Республикасы, Германия Федеративдик Республикасы, Дания Королдугу, Корея Республикасы жана Жапония. Төлөмдөрдү кийинкиге калтыруунун шарттары боюнча Кытайдын экспорттук-импорттук банкы менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат”, - деп билдирет өкмөттүн маалымат катчылыгы.
Кыргыз өкмөтү ушул жылдын апрель айында коронавирустук пандемиядан улам келип чыккан экономикалык кризиске байланыштуу тышкы карызды реструктуризациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү баштаган. Май айында президент Сооронбай Жээнбеков "Коронавирус доорунда жана андан кийин өнүгүүнү каржылоо боюнча жогорку деңгээлдеги иш-чара" эл аралык форумунда тышкы карызды "терең" реструктуризациялоону сунуш кылган.
2020-жылдын 31-майына карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызынын көлөмү 351 миллиард 27 миллион 580 миң сомду түзөт, анын 85,8 пайызы тышкы карыз.

Эгемендуулук алган жылдардан ушул кунго чейинки жетекчилердин байлыгын алуу,пенсиясын жокко чыгаруу,жооптуу кызматтардын баары азыр эн бай адамдардан.Пенсия дагы алышат.Мамлекетти ойлошпойт.Алар бийликтин буйругун гана аткарып кун откоргон акмактар.
Чечкиндуу президент келсе экен эртерээк.
Азыркы учурда эн сыйы дагы бети дагы жок акмактар жетектеп жатышат мамлекетти.Буга чейин кайсы кызматтарды жетектеди,мамлекетке кандай пайда алып келди анын жасаган иштери.Адамдын мээнетин актоону эмес,адамдын эки жуздуулору,ууруларын колдоп акылсыз болсо дагы министрлик кызматты жетектесин деген заман болдуп жатат.
Жээнбеков Сооронбайдын бугунку кундогу президенттик кызматы боюнча эч бир маселе чече элек.Жыйынтыгы,максаты жок нерселер менен гана алек.
Мен уялат элем элиме убада берип президент болуп алган сон айткан убадамды унутуп калгандан.Эки жарым жылдан отту,жон гана мамлекетти арткан тартып атат.Ордуна башка бироо келгенде эн койгойлуу маселелерди чечип,элдин жашоосуна озгортуулорду,кубаныч суйунучторду тартууламак.
Ооруканаларда бейтаптарга керектуу аппараттар жок.Тендер жарыялап алып келишет,бирок эски так диагноз чыгаа албайт.Бирок ал арзан келгени менен жана коп акча элден чогултуп бергени менен жакшы жеке ишкерлерге.Эл кыйналып корунгон оорукана,клиникаларга корунуп журо беришет.Ар башка аппараттан ар башка диагноз чыгат.
Жогорку Кенеште Саламаттыкты сактоо министринин орун басарына депуттаттар суроо узаткан.Элден коп кайрылуу келип жатат.Жеке менчик клиникалардагы аппараттар так жана туура эмес диагноздорду чыгарып жатат.Сиз суроого ачык жооп беринизчи деп.
Ооба,50%-50% гана чыгарышат.
Ушуга окшогон оорулуулардан пайдаланып акча жасаган акмактарга катуу жаза беруу керек.
Мурунку телефондордо ик-порт деген блютуз сыяктуу бар эле.
Азыркы аппараттар ошол ик-порту бар телефон сыяктуу.
Заманбап медициналык аппараттар 1,5 млн$дын айланасында.
Эмнеге областтарга,райондорго бирден сатып алышпайт министрлик.Элге кайрыл,жетекчисинби оорулууларды ойлош керек.Аппараттардын жетишсиздигинен олумдордун саны коп болушу мумкун.