super.kg logo

"Сот системи оор жоготууга учурады". Мамлекет жетекчилери Жогорку Соттун мурдагы төрагасын эскеришти

 

Жогорку соттун мурдагы төрагасы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи Качкынбай Бообеков узакка созулган оорудан кийин 83 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Качкынбай Бообеков 1937-жылдын 1-январында Чүй облусунун Кемин районундагы Боролдой айылында туулган. 1965-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган. 1989-жылга чейин Кемин райондук сотунда катчы, Ош облустук жана Балыкчы шаардык сотунда судья, төрага, Нарын облустук сотунун жана Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын орун басары болуп эмгектенген. Жогорку Соттун мүчөсү болгон.

1991-жылы Жогорку Соттун төрагалыгына шайланып, 1995-жылга чейин жетектеген. Эгемендүү Жогорку Соттун алгачкы төрагасы болуп Качкынбай Бообеков эсептелет.

Качкынбай Бообеков төрагалык кылып турган мезгилде, сот бийлигинин көз карандысыздыгын жана соттордун ролун күчөтүү боюнча маанилүү кадамдар жасалган.

Ал 1996-2002-жылдары Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун төрагасы болуп иштеген.

2002-2007-жылдары Жогорку Соттун судьясы болгон.

"Кесипкөйлүгү жана жасаган эмгектери ар кандай мамлекеттик сыйлыктарга татыган. Ал өлкөбүздүн сот системинин өнүгүшүнө эбегейсиз зор салымын кошту. Элибиз чоң жоготууга учурады. Жакындары жана туугандарынын орду толгус оор жоготуу аза кайгысын тең бөлүшөбүз", - деп бийлик өкүлдөрү эскеришти.

Качкынбай Бообековдун сөөгү бүгүн, 26-июлда "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
26.07.2020. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алла рахматы кылсын.
26.07.2020. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жараткан Тенирим жаткан жерин жай кылсын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: