Казакстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 81 миң 720га жетти
Коңшу Казакстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 81 миң 720га жетти. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бир суткада 1 миң 494 адамдан коронавирус аныкталды. 856 жаран оорунун симптомдорун алып жүрүүчүлөр болсо, 638и вирустун симптомдору жок өтүп жатканы аныкталган. Илдетти жуктуруп алгандардын эң көбү Нур-Султан шаары (284), Алматы шаары (173), Караганда облусу (121) калгандары башка аймактарда катталган.
563 бейтап илдеттен айыкты. Коронавирустан айыккандардын жалпы саны 51 миң 823кө жетти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.