super.kg logo

Бразилиянын президенти коронавирус инфекциясынан айыкты

 
Бразилиянын президенти Жаир Болсонару коронавирус инфекциясын жуктуруп алганы 7-июлда аныкталган. Ал илдетти жеңгенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Жаир Болсонару социалдык тармактагы баракчасына коронавирус инфекциясына тапшырган соңку анализи таза деп чыкканын жана баарына жакшы күн каалай турганын жазып чыккан.
Буга чейин Бразилиянын өлкө башчысы коомдук жайларга бет кап, кол кабы жок чыгып жүргөн. Ошондой эле тарапташтары менен болгон жолугушууда социалдык аралыкты сактабай жүргөндүгү буга чейин да айтылып келген. Мындан сырткары ал обочолонуу тартибин вирус жуктуруп алуу коркунучу жогору болгон жана жашы 60тан жогору адамдар гана сакташы керек деген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
26.07.2020. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Кудай эмесмин да, не кылайын анан деп элге кошулуп митингке чыкпай өзүнүн падышалык милдетин аткарыш керек болчу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: