super.kg logo

Жогорку окуу жайларга кабыл алуунун I турунда 30 миңден ашуун абитуриент талон салышты

 

Жогорку окуу жайларга кабыл алуунун I турунда 30 миңден ашуун талон түштү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Абитуриенттердин 12 миң 121и бюджеттик орундарга, 18 миң 52 талон келишимдик негизде билим алууга талон салган.

Системдеги 64 жогорку окуу жай тарабынан 17 миң 694 абитуриент кабыл алууга сунушталды. 10 миң 927 абитуриент тандаган окуу жай жана адистиги боюнча билим алуу ниетин тастыктады.

Анын 2 миң 301и бюджеттик орундарда, 8 миң 626сы келишимдик негизде билим ала алат.

Жогорку окуу жайларга кабыл алуунун II жана III турунун өтүү убактысы:

▪️ 2-тур – 27-29-июль, саат 14:00гө чейин - сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү берүү;

▪️ 3-тур – 3-5-август, саат 14:00гө чейин - сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү берүү.

Ар бир тур аяктагандан кийин үч күндүн ичинде кабыл алууга сунушталган абитуриенттер ЖОЖдо окуу каалоосун тастыктоосу зарыл.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: