super.kg logo
  Саясат  

Балбак Түлөбаев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды (өмүр баяны)

 

Балбак Түлөбаев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка премьер-министр Кубатбек Боронов кол койду.

Буга чейин бул кызматты Акылбек Осмоналиев аркалап келген. Ал өкмөттүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды.

Түлөбаев 1972-жылы 21-сентябрда Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Көл-Төр айылында туулган. Ал 1990-1992-жылдары К.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун ветеринария факультетинде окуган. 1997-жылы Стамбул университетинин токой чарба факультетин аяктаган. 2001-жылы К.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун инженер-эколог адистигин бүтүргөн.

1996-1997-жылдары Стамбул шаарындагы “Корис интернейшнл” компаниясынын кызматкери;

1997-2000-жылдары өкмөткө караштуу токой чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун жардамчысы;

2000-2004-жылдары Жогорку Кеңештин комитеттеринин биринде кеңешчи;

2004-2010-жылдары президенттин иш башкармалыгында кеңешчи, жардамчы, бөлүм башчысы;

2010-2013-жылдары гезиттердин биринде башкы редактор, саясий баяндамачы;

2013-2018-жылдары “Аю холдинг” компаниясынын президентинин орун басары;

2018-жылдан бери Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат башчысы болуп иштеп келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: