super.kg logo

Эмне үчүн COVID-19да жыт сезүү жоголот? Окумуштуулардын изилдөөсү

 

Бир катар эл аралык окумуштуулар коронавирус илдети жукканда эмнеге адам жыт сезбей каларын аныкташты. Бул жөнүндө чет элдик маалымат булактары жазышууда.

Маалыматка ылайык, буга чейин аносмия (аз убакытка жыт сезүүнүн жоголушу) коронавирустун негизги жана эң алгачкы неврологиялык симптому катары табылган. Вирус мурун көңдөйүнүн жогорку бөлүгүндөгү клеткаларды жабыркатып, мындан нейрондор жыт сигналдарын мээге өткөрбөшү мүмкүн деп эсептешкен. Ал эми жаңы изилдөө бул божомолду четке какканы айтылат маалыматта.

Иликтөөнүн авторлорунун бири Сантип Роберт Даттын айтымына караганда, коронавирустун кесепетинен жыт сезүүдөгү өзгөрүү нейрондорду түздөн-түз жабыркатпай турганы ал колдоочу клеткаларга таасир бере турганын айтат.

"Ачылыш эң жакшы жаңылыктардан болду. Анткени коронавирус нерв түйүнүнө олуттуу зыян алып келбейт", - деген ал.

Мындан сырткары бейтап айыккан соң нейрондор башка нукка өзгөрүп кетпеши жана толугу менен жыт сезбей калуу коркунучу жок экени жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: