super.kg logo

Гидрометеорология агенттигинин "Ноокат" станциясынын башчысы Кудайберди Бекматов каза болду

 

Кечээ, 26-июлда 56 жаш курагында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигинин «Ноокат» бириккен гидрометеорологиялык станциясынын башчысы Кудайберди Бекматов мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан маалымат таратышты.

Кудайберди Бекматов 1964-жылдын 13-мартында Ош облусунун Ноокат районунда туулган.

1987-1990-жылдары Ташкент гидрометеорология техникумунун «Техник-агрометеоролог» адистигин аяктаган. 1985-1988-жылдары Гидрометеорология жана айлана-чөйрөнү контролдоо башкармалыгында техник-метеоролог; 1988-жылдан бери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигинин “Ноокат” бириккен гидрометеорологиялык станциясын жетектеп келген. Ал Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин “Ардагери” медалы жана башка көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: