"Токмок" метеорологиялык станциясынын башчысы Рысбек Илияс уулу мезгилсиз дүйнөдөн кайтты
Бүгүн, 27-июлда 59 жашка караган курагында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигинин II баскычтагы "Токмок" метеорологиялык станциясынын башчысы Рысбек Илияс уулу дүйнөдөн мезгилсиз кайтты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Рысбек Илияс уулу 1961-жылдын 10-октябрында Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Миң-Булак айылында туулган.
1983-1985-жылдары Ташкент гидрометеорология техникумунун "Радиооператор" адистигин аяктаган.
1985-1986-жылдары Гидрометеорология жана айлана-чөйрөнү контролдоо башкармалыгында техник-радиооператор, техник-дозиметрист;
1988-1993-жылдары Гидрометеорология жана айлана-чөйрөнү контролдоо башкармалыгында техник-радиооператор, техник-метеоролог;
2009-жылдан бери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигинин II баскычтагы "Токмок" метеорологиялык станциясын жетектеп келген.
Рысбек Илияс уулу ак эмгегинин натыйжасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин “Ардак грамота”, Аскердик-жарандык кызматташтыкты чыңдагандыгы үчүн медалы, Гидрометеорология кызматына 90 жыл мааракелик төш белгиси жана башка көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон.
