"Кайрат өзгөчө бала, ал Күн баласы”. Даун синдрому менен жабыркаган баласы жөнүндө видео тарткан мээримдүү эне
Кайрат Күн баласы, бул Даун синдрому менен төрөлгөн дегенди түшүндүрөт. Баткенде жашаган Элмира аттуу тургундун 5 баласы бар. Кайрат анын ортончу уулу. Ал экөө нан жаап, алма теришет. Өзгөчө балдар музыка, искусствого жакын болоорун баланын апасы Элмира өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыккан.
"Биз Кадамжайга караштуу Үч-Коргон айыл өкмөтүндө жашайбыз. Беш уулум бар, ортончусу Күн баласы Кайрат. Ал 9 жашта. Күн бала бул Даун синдрому менен төрөлгөн бала. Жок, бул оору эмес, тек гана өзгөчөлүк. Ишенесизби, атасы экөөбүз таң калып, ошол эле кезде баа берип, аны менен сыймыктанып келебиз. Өзгөчө балдар үчүн айрым учурда оор. Ошондуктан алар ата-эне мээримине эки эсе муктаж", - деп жазган ал өз билдирүүсүндө.
Ошондой эле эне баракчасына баласынын музыкалык аспапта ойногону, ысык токоч бышырып, алма терип күлүп жүргөн видеолорун жүктөп турат. "Ким Күн балдарын көргөн дагы, уккан да эмес? Эгерде билбесеңиз, анда көп нерсени жоготуп жатасыз", - деген билдирүүсүн калтырган.
“Кайрат өзгөчө бала, ал Күн баласы”. Даун синдрому менен төрөлгөн баласы жөнүндө видео тарткан мээримдүү эне




1 |