super.kg logo

"Туңгуч" театрынын директору, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Жамал Сейдакматованын жолдошу Садыр Назаров мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

 

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, техника илимдеринин кандидаты, профессор Садыр Назаров 83 жашында катуу оорудан кийин дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Садыр Назаров 1937-жылы Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Кара-Суу айылында туулган.

Ал көп жылдар бою Кыргыз мамлекеттик политехникалык институтунун окутуучусу, проректору болуп кызмат өтөгөн. 1991-жылдан тартып өмүрүнүн акырына чейин “Туңгуч” театрынын башкы директорунун кызматын аткарган. Ал илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүнөн кийин бүтүндөй өмүрүн, уюштуруучулук талантын “Туңгуч” театрын өсүп-өнүктүрүүгө, чыгармачылык бийиктиктерге чыгуусуна арнаган. “Туңгуч” театры тынымсыз чыгармачылык ийгиликтерге жетишип, кыргыздын сахна өнөрүн Европа, Азия, Америка, Африкадагы мамлекеттерге чейин таанылышына Садыр Назаровдун кошкон салымы зор.

"Туңгуч” театры Египетте (Каир), Колумбияда (Богота), Германия (Мюльхайм), Иранда (Тегеран), Кытайда (Үрүмчү), Орусияда (Москва, Уфа), Өзбекстанда (Карши), Казакстанда (Алматы, Астана), Түркияда (Стамбул) өткөн эл аралык театр фестивалдарына катышып, ийгиликтер менен кайткан. Бир нече жолу баш байгелерди багындырган. Ал эми Кытайга “Туңгуч” театры беш ирет чакырылып, эл аралык театр фестивалына катышкан. Буга театрдын көркөм жетекчиси, кыргыз театр жана кино искусствосунун залкары Жамал Сейдакматова менен анын материалдык-техникалык жактан шарт түзүп турган театрдын директору Садыр Назаровдун опол тоодой эмгеги бар.

Мындан сырткары “Туңгуч” театры Кыргыз Республикасынын ичинде да тынымсыз гастролдук турнелерди өткөрүп, Ала-Тоонун бүтүндөй аймактарын кыдырып, элди кыргыз театр искусствосун сүйүүгө жана урматтоого чакырып, жаңы өсүп келе жаткан театр ышкыбоздорунун тушоосун кескен.

Садыр Назаровдун жетекчилиги менен “Туңгуч” театрынын көрүнүктүү артисттери Асылбек Өзүбековдун, Мурат Мамбетовдун, Эгемберди Чалабаевдин таланттарынын гүлдөп турган мезгили туш келип, андан чыныгы кыргыз маданиятынын көрүнүктүү сап башында болуп чыга келди. Профессор Садыр Назаров жаш кезинде чыгаан окумуштуу жана Политехникалык институттун проректору катары миңдеген студенттердин жана кесиптештеринин эсинде калса, тажрыйбасы такшалган куракта маданият тармагынын мыкты менеджеринин үлгүсүн көрсөтүп кетти.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Садыр Назаровдун мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
27.07.2020. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаткан жери жайлуу болсун
27.07.2020. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы эле жашаптыр. Арты кайырлуу болсун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: