Кыргызстан менен Казакстандын президенттери тар чөйрөдө жолугушуу өткөрдү
Бүгүн, 13-сентябрда Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында президент Алмазбек Атамбаев менен Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев тар чөйрөдө жолугушуу өткөрүштү. Мамлекет башчысы боордош мамлекет менен кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеп: “Кыргызстанга келгениңизге кубанычтамын” – деди. Өз кезегинде Нурсултан Назарбаев Алмазбек Атамбаевдин иштери тууралуу сурап, жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Белгилей кетсек, бүгүн, 13-сентябрда Бишкекте ШКУнун саммити өтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

