Кыргыз балет искусствосунун чыгаан ишмери Айгүл Мураталиева 72 жаш курагында катуу оорудан улам дүйнө салды
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, кыргыз балет искусствосунун чыгаан ишмери Айгүл Мураталиева 72 жаш курагында катуу оорудан улам дүйнө салды.
Айгүл Манайкуловна 1948-жылы 15-августта туулган.
1959-жылы А.Я Ваганова атындагы Ленинград Мамлекеттик хореографиялык окуу жайына кабыл алынган.
1968-жылы хореографиялык окуу жайды аяктаган соң, Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрына балет артисти болуп кабыл алынган.
1989-жылдан тарта эмгек жолун Фрунзе хореографиялык окуу жайында классикалык бий өнөрүнөн сабак берүү менен уланткан.
2006-жылдан 2017-жылга чейин Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын көркөм өнөр жетекчиси болуп эмгектенип келген.
Билим берүү тармагында иштеген күндөн тартып, анын жетекчилиги алдында ондогон таланттуу бүтүрүүчүлөр тарбияланып, алар бүгүнкү күндө жакынкы жана алыскы өлкөлөрдөгү көрүнүктүү театрларда эмгектенишет.
Айгүл Мураталиева 2006-жылы хореография искусствосунун өнүгүп-өсүшүнө кошкон зор салымы үчүн Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери наамына татыктуу болгон.
Ошондой эле "Эмгектин ардагери" медалы, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Ардак грамоталары, "Билим берүүнүн отличниги" жана "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгилери менен сыйланган.
Маркумдун жаркын элеси биздин эсибизде түбөлүккө жашайт. Айгүл Мураталиеванын туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.


1 |