Чаектеги сел отуздай үйдүн короосуна, жер төлөсүнө кирди
Бүгүн, 27-июлда Нарын облусунун Жумгал районунда саат 14:30 чамасында жаап өткөн жамгырдын кесепетинен бир нече үйлөрдүн короосун сел каптаганын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады. Ага ылайык, Чаек айыл аймагындагы Май-Кокту, Кашка-Терек тилкесиндеги коктулардан келген сел суулары 25 турак үйдүн короолорун жана 6 турак үйдүн жер төлөлөрүн суу каптаган.Сел жүргөн жерге Жумгал району боюнча өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын башчысы, Жумгал райондук №43 өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынан 20 куткаруучу, жергиликтүү тургундар, 1 жүктөгүч, айыл аймактан 1 жүктөгүч, 1 экскаватор жана суу чарба башкармалыгынан 1 жүктөгүч тартылып, суунун нугун бурушкан.
"Турак үйлөрдүн короолоруна жана жер төлөөлөрүнө кирген сууларды мотопомпанын жардамында сордурушкан. Кеч киргендигине байланыштуу иш-чаралар убактылуу токтотулду. 28-июль күнү тазалоо иштери улантылат. Буга чейин Кыргызгидромет сел жүрүү коркунучу тууралуу шашылыш эскертүү таркаткан", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:51
2025-12-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















