super.kg logo

MegaCom IT-программалоо мектебин ачат

 

MegaCom компаниясы жакынкы арада 100 угуучуга ылайыкташкан IT-мектеп ачууну пландоодо. Окутуу курстарына катышууга Oracle, Java, JavaScript, Dart жана SDK Flutter программалоонун негиздерин башынан баштап үйрөнүүнү каалагандар, өлкөнүн ЖОЖдорунда билим алып, бирок билимин практика менен айкалыштырууга мүмкүнчүлүгү жок студенттер, ошондой эле кошумча билим алып жана программалоонун жаңы тилдерине карай квалификациясын жогорулатууну каалаган IT-адистер чакырылат.

"Учурда MegaCom компаниясынын борбордук кеңсесинде функционалдык окутуу бөлмөлөрүн жабдуу иштери жүргүзүлүүдө. Муну менен катар билим берүү программасын иштеп чыгуу жана компанияда иштеп жаткан IT-адистерден, жана да атайын чакырылган адистерден турган окутуучулар курамын түзүү иштери да аткарылып жатат", - деп билдирди "Альфа Телеком" ЖАКтын башкы директору Акылбек Жамангулов.

Ошондой эле окутуу процессине MegaCom’дун өнөктөштөрүн − Microsoft, Google, ZTE, Huawei жана башка уюмдарды тартуу дагы пландалууда. Дүйнөгө аты таанылган компаниялар келечектеги IT-адистердин суроолору боюнча кеп-кеңештерин берип турушмакчы.

Акылбек Жамангуловдун айтымында, уюлдук оператордун IT-мектебинин таланттуу жана активдүү угуучулары компаниянын өзүндө такшалма өтүү мүмкүнчүлүгүнө да ээ болот. Мыкты бүтүрүүчүлөр «Альфа Телеком» ЖАКтын адиси болуп кызматка орношуусу толук ыктымал.

"Өзгөчө шыктуу угуучулар үчүн компаниянын өнөктөш мекеме-уюмдарында кыска мөөнөттөгү такшалмадан өтүү мүмкүнчүлүгү да каралган", - дейт "Альфа Телеком" ЖАКтын башкы директору.

IT-мектепти 2020-жылдын сентябрь айында ачууга даярдыктар көрүлүүдө. Учурда өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу, компаниянын жетекчилиги угуучуларды онлайн-окутуу мүмкүнчүлүгүн карайт же программалоо курстарын кадимки форматта ишке киргизүү чечимин кабыл алат.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
28.07.2020. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мегаком азаматтар! Мен 32демин катышсам болот бекен? Комп программаларга өзүм эле өздөштүрүп кетем көбүнчө..
29.07.2020. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Институтта окуп жаткан студенттер катышсада болот бекен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: