Колледждерге 18 миңден ашуун абитуриент өтүнмө тапшырды
Колледждерде билим алуу үчүн 18 миңден ашуун абитуриент өтүнмөлөрдү онлайн тапшырышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Пандемияга байланыштуу өлкөнүн орто кесиптик окуу жайларына кабыл алуу Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан атайын иштелип чыккан систем - http://www.spuz.edu.gov.kg/ аркылуу толугу менен онлайн ишке ашырылууда.
Кабыл алуу башталгандан бери 18 миң 986 абитуриент колледждерге документтерди онлайн түрдө тапшырышты.
Документтерди каттоо эки тур менен электрондук түрдө ишке ашырылат.
Биринчи тур 13-июлдан 30-июль күнү саат 18:00гө чейин – документтерди онлайн каттоо. 3-августта колледждер систем тарабынан кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмесин илишет.
3-6-августта – абитуриенттер окуу жайга окуй турган каалоосун тастыкташы керек. Аталган окуу жайда тандалган адистик боюнча окууну каалоосун 6-августка чейин тастыктабаган абитуриенттер колледжге кабыл алынбайт.
Экинчи тур 1-августтан 20-августка чейин – документтерди онлайн каттоо.
22-августта – колледждер кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмесин илишет. 20-30-августта – абитуриенттер окуу жайга окуй турган каалоосун тастыкташы керек.
