Мексикада эки футболчуга чагылган түшүп каза болду
Мексиканын борбору Мехико шаарынын Түштүк-Чыгыш бөлүгүндө 5 футболчуга чагылган түшүп анын экөө каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Мехиконун Тлауак аймагында аялдар футбол Лигасынын оюну нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу токтотулган. Мындан улам, беш футболчу кыз футбол талаасындагы топторду чогултуп, алып келе жатышканда чагылган түшкөн.
Футболчулар дароо ооруканага жеткирилип, дарыгерлердин жардамына карабастан эки футболчу каза болгон. Алардын бири жашы жете элек өспүрүм экендиги аныкталды. Калган үч футболчу экинчи даражадагы күйүк алышып, алардын абалы канааттандырарлык деп бааланган.
Буга чейин Орусияда дагы машыгуу учурунда футболчуга чагылган түшүп, оор абалда ооруканага жаткырылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Kuyoo_bala

28.07.2020. 11:20
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бүгүн Базар Коргонго да чагылган түшүп,адам өмүрү кыйылды деген маалыматты тактап коёсуңарбы СИ.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.