Бет каптар жана кол каптар айлана-чөйрөнүн булганышынын кескин көбөйүшүнө алып келди
Коронавирус пандемиясында бир жолу колдонулуучу бет каптар, кол каптар, антисептиктин желим флакондору айлана-чөйрөнүн булганышынын кескин көбөйүшүнө алып келди. Бул тууралуу Бириккен улуттар уюмунун жыйынында айтылганын дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
"Биздин көчөлөр, пляждар жана океандар цунами таштандыларынан, анын ичинде бет кап, кол кап, антисептиктин желим флакондору жана азык-түлүк таңгактарынан жабыр тартууда" дешкен алар.
Коронавирус пандемиясынын чыгышына чейин пластикалык булгануу планета үчүн негизги коркунучтардын бири болгонун, ал эми COVID-19 илдети менен бул коркунуч дагы күчөгөнүн баса белгилешкен.
"Адамдардын коопсуздугун сактап калууга жана ооруну токтотууга багытталган күнүмдүк буюмдарды (бет кап, кол кап, антисептик) колдонуу күтүлбөгөн жерден көбөйүшү кырдаалды ого бетер начарлатты", - деген эл аралык ЮНКТАД соода департаментинин директору Памела Коук-Гамильтон.
Бет каптардын дүйнөлүк сатылышы 2019-жылы болжол менен 800 миллион доллардан 2020-жылы 166 миллиард долларга көтөрүлгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-06-27

17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.