super.kg logo

Орусиялык адистер адамдар тузду сунушталган нормадан дээрлик 2 жарым эсеге көп колдонорун айтышты

 

Орусиялык адистер колбаса жана туздуу тамактар менен азыраак азыктанууну сунуштады. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда.

Адистердин айтымында, бир адам күнүнө орто эсеп менен 12 грамм туз колдонот, ал эми сунушталган норма 5 грамм. Туздун эң негизги булактарынын бири нан болуп саналат - 300 грамм ундан жасалган азыктарды жегенде адам беш грамм тузду колдонгон болот. Бул анын күнүмдүк максимуму, андан ашыкча керектөө организмге зыян келтирет.

Ашыкча туздуу жана таттуу менен көп азыктануу организмди зыяндуу майга алып келиши мүмкүн. Натыйжада ашыкча салмактуулук, кант диабети, ошондой эле жүрөк-кан тамыр оорулары, залалдуу шишик дарты жана остеопороз сыяктуу оор илдеттерге алып келерин белгилешкен. Орусиялык эксперттер пайдалуу нанды тандоо боюнча кеңеш беришкен. Сатып алуучуларды жалаң буудай унунан жасалган нанга чектөө киргизип, ар кандай уруктар камтылган азыктарга көңүл буруу сунушталды. Мисалы, зыгырдын курамында омега-3 альфа линол кислотасы көп экенин эскертишкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
28.07.2020. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздар түнү менен жеп ичип оорубай этбей эле келген,адам эмнени эңсесе ошону жеш керек организм талап кылган нерселерди жеп турса эч кандай оору сыркоо болбойт.Адамдарга ар кандай нерселерди айтып кыжаалат кылышты.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: