Айыл чарба министри: "Күздүк буудайды себүүнүн аянтын 220 миң гектар жерге көбөйтүү пландалууда"
Күздүк буудайды себүүнүн аянтын 220 миң гектар жерге көбөйтүү пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев билдирди.
"Министрлик азык-түлүк коопсуздугу боюнча негизги милдетти аткарып жатат. Бүгүн пандемия шартында нан азык-түлүгү менен камсыз кылуу маселеси башкы орунда турат. Бул маселени чечүүдө буудай бир топ гектар жерге көп эгилди.
Пандемиянын экинчи толкуну болот деген сөз бар. Азык-түлүк коопсуздугу боюнча ун, суу майы менен камсыз кылууда даярдыктарды алдыга жылдырышыбыз керек.
Күзгү себүүлөр жакындап жатат. Күздүк буудайды себүүнүн аянтын 220 миң гектар жерге көбөйтүү планыбыз бар", - деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:50
2025-06-27
17:20
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
talant87

28.07.2020. 14:57
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ачык айтам Эл эгет бис кагазга тушуробуз биз элге керек болсо дарысын 20-30сомдон сатабыз десе аа ишенет элек
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.