"Айыл чарбасын каржылоо - 8" долбоорунун алкагында 4,2 миллиард сомго 8 миң насыя берилди" дейт айыл чарба министри
"Айыл чарбасын каржылоо - 8" долбоорунун алкагында 4,2 миллиард сомго 8 миң насыя берилди. Бул тууралуу айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев билдирди.
Анын айтымында, ушул жылы 250 техникага чейин берүү пландалган, бүгүнкү күнгө 204 даана техника лизингге берилди. "Республиканын үрөнчүлүк чарбаларын колдоо жана айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн сертификацияланган сапаттуу үрөндөр менен камсыз кылуу максатында “Үрөнчүлүктө мамлекеттик дотациялоо” мыйзамы кабыл алынган", - дейт ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















