Айыл чарба министри: "Бүгүнкү күнү республика өзүн сүт, картошка жана жашылча азыктары менен толук камсыздайт"
Бүгүнкү күндө айыл чарбасынын негизги тогуз азыктарынын ичинен республика өзүн сүт, картошка жана жашылча азыктары менен толук камсыздайт. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев билдирди.
Анын айтымында, калган алты азыктын түрлөрү боюнча импорт аркылуу камсыздайт.
"Республиканын ички рыногунун негизги азык-түлүк продукциялары менен камсыздоо импорттун эсебинен нан азыктары – 101,5 пайызды, картошка – 105,8 пайызды, сүт – 133,2 пайызды, эт – 61,6 пайызды, жашылча жана бакча өсүмдүктөрү – 92,9 пайызды, мөмө-жемиш – 27,1 пайызды, үй канаттуулар жумурткасы – 78,8 пайызды, кумшекер – 86,8 пайызды түзөт", - деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:32
2025-07-28
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.