Өлкө башчы Жалпы республикалык тестирлөөдөн "Алтын сертификат" алган бүтүрүүчүлөр менен жолукту





Бүгүн, 28-июлда президент Сооронбай Жээнбеков 2020-жылдын орто мектеп бүтүрүүчүлөрүнө "Алтын сертификаттарды" тапшырды. Салтанаттуу иш-чара "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өттү.
Мамлекет башчысы бүтүрүүчүлөрдү мектепти ийгиликтүү аяктагандыгы жана "Алтын сертификатка" ээ болушу менен куттуктады. Бул ийгиликтин артында бүтүрүүчүлөрдүн тырышчаак аракети менен мугалимдердин, ата-энелердин талыкпаган эмгеги турарын белгиледи.
"Бүгүн силер аркылуу өлкөбүздүн бардык бүтүрүүчүлөрүн чоң турмушка аттануусу менен куттуктайм. Силердин турмуш жолуңар шыдыр болсо экен деп тилейм. Биз силерге чоң ишеним, бийик үмүт артабыз", - деп баса белгиледи президент.
Сооронбай Жээнбеков азыркы заманда мамлекеттин өнүгүүсү үчүн - жаратылыш байлыгы, элинин саны эмес, калкынын билим деңгээли чечүүчү мааниге ээ экенин белгиледи.
"Буга быйыл республика боюнча эң жогорку балл алган бүтүрүүчүбүз Акмарал Нурбек кызы - алыскы Алай районунун окуучусу экендиги мисал. Биз өлкөбүздүн кайсы жеринде жашаганына карабай, ар бир өспүрүмдүн талантын ачууга жетишибиз керек. Ошол үчүн элет жериндеги мектептерди интернет жана башка окуу технологиялары менен камсыздоого өзгөчө көңүл буруп жатам", - деп баса белгиледи мамлекет башчысы.
Сооронбай Жээнбеков бүтүрүүчүлөргө ийгиликтерди, жаңы бийиктиктерди багынтууну каалады.
"Келечекте силер сындуу намыстуу жаштарга өлкөбүздүн тагдырын өткөрүп беребиз. Мамлекетибиздин тагдыры ишенимдүү колго өтөт деп биз силерге ишенебиз. Алдыга койгон максатыңар ишке ашып, аруу тилегиңер орундалсын! Жараткан Кудай жолуңарды ачып, эң жогорку ийгиликтердин ээси болгула", - деп жыйынтыктады президент Сооронбай Жээнбеков.
Белгилей кетсек, быйыл өлкө боюнча 67 бүтүрүүчү "Алтын сертификатка" татыктуу болду.
