super.kg logo

"Июль айынан баштап жогорку даражадагы дарыгерлер 72 миң сомго чейин кошумча төлөмдөрдү алганга мүмкүнчүлүк түзүлдү" дейт Боронов

 

Июль айынан баштап жогорку даражадагы дарыгерлер 72 миң сомго чейин кошумча төлөмдөрдү алганга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда премьер-министр Кубатбек Боронов онлайн брифингде билдирди.

"Медицина кызматкерлерине айлык маянасына кошумча төлөмдөрдү берүү боюнча маселелер турат. Социалдык төлөмдөрдү кечиктирбестен төлөп берүү иштери улантылып жатат. Пенсия, жөлөк пул, айлык жана башка төлөмдөр кечиктирилбей төлөнүүдө.

Медицина кызматкерлеринин компенсациясына марттан тарта 477 миллион 400 миң сом жумшалды. Июль айы үчүн 234 миллион сом компенсациялык төлөм жумшалат. Документ даяр болду. Бүгүн тиешелүү документке кол коюп беребиз. Ошонун негизинде тез аранын ичинде төлөп берүүнү көзөмөлгө алабыз. Июль айында төлөмдөрдүн көлөмүн эки эсеге көбөйттүк. Толук кандуу иштеген жогорку даражадагы дарыгерлер 72 миң сомго чейин кошумча төлөмдөрдү алганга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул да болсо бир топ биздин медицина кызматкерлердин каражат маселесин чечкенге жардам берет", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
28.07.2020. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тооба онор эмес эле акчаны айтышат,медик тааныштарым бири да ала элекпиз дейт обсервацияда иштегени деле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: