Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Балбак Түлөбаев: "Азырынча Жети-Өгүз районунда абал кооптуу"
Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы жаңы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган Балбак Түлөбаев Жети-Өгүз районунда абал кооптуу экенин өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Ысык-Көл облусу боюнча 626 киши дарыланып жатат. Бүгүнкү күндө Чолпон-Атада, Жети-Өгүздө дарыгерлер бар. Азырынча Жети-Өгүз районунда абал кооптуураак. Бүт күчтү ошол жакка жумшап жатабыз.
Орусиядан келген дарыгерлер менен жолуктум. Абал туруктуу жана туура алгоритм менен дарыланууда деп айтышты. Буюрса жакын арада оңойбуз. Каракол менен Чолпон-Атадагы оорукана өкмөтүбүздүн бөлгөн акчасы менен оңдолуп жатат. Дары-дармек, кислороддук аппараттары жетиштүү. Дагы дарыгерлер Каракол ооруканасына келет. Ыктыярчылар менен иш жүрүүдө", - деп жазган Балбак Түлөбаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:50
2025-06-27
17:20
2025-06-27
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(3)
Baktyluumun98

29.07.2020. 10:23
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде абал жакшы болуп калды. Он кун мурда каякта журушкон. Менде видеосу бар, абалыбыз ужасс болду. Кыйналдык, места жок, машинага отургузуп алып укол сайып атышты. Кошуналар биринин артынан бири кетип атышты.
samarbek.88

29.07.2020. 10:39
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
балбактан башка жанылык жокбу
samarbek.88

29.07.2020. 15:40
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
балбак жургон жердин баары кооптуу
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.