super.kg logo

Алайда апасынын өлүмүнө шектелген 16 жаштагы кыздын иши сотко өттү

 

Ош облусунун Алай районунда апасынын өлүмүнө шектелген 16 жаштагы кыздын иши сотко өттү. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш сотко жөнөтүлгөн. Азыркы абалга байланыштуу отурумдар жылып жатат деп кошумчалады маалымат катчы.

Окуянын чоо-жайы:

25-апрель күнү саат 10:00 чамасында Алай районунун Жошолу айыл аймагындагы айылдардын биринде 52 жаштагы аялдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат Алай РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө келип түшкөн. Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, төмөндөгүлөрдү аныктаган. 24-апрель күнү саат 22:00 чамасында 16 жаштагы кыз апасы менен уруша кетип, эшикке илинүүчү темир кулпу менен апасынын башына 2-3 жолу уруп, башка бөлмөгө кирип жатып алган. Жаракат алган 52 жаштагы апасы кансырап жаткан жеринде каза болуп калган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ал эми кылмышка шектүү катары маркумдун кызы кармалып, 2 айга камакка алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
29.07.2020. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
2-3кун эмизбей эле койбогон экен эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: