Жазуучу, адабиятчы, сынчы Кадыркул Даутов каза болду
Кечээ, 28-июлда 80 жаш курагында Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү адабиятчы, сынчы, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору Кадыркул Даутов узакка созулган оорудан улам дүйнө салды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Кадыркул Даутов 1940-жылы 10-сентябрда Алай районундагы Үч-Төбө айылында жарык дүйнөгө келген.
1958-1961-жылдары Токмок шаарындагы маданий-агартуу окуу жайынын студенти, 1961-1964-жылдары Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1964-1969-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.
1970-1973-жылдары СССР Илимдер академиясынын М.Горький атындагы Бүткүл дүйнөлүк адабият институтунун аспирантурасында окуган. 1973-жылы филология илимдери боюнча кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү жактаган.
Ал 1973-жылы КСЭнин адабият жана искусство редакциясынын жетекчиси, 1974-1975-жылдары Кыргыз Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда илимий кызматкер, 1976-1981-жылдары Кыргыз ССР Илимдер академиясынын тил жана адабият институтунун совет адабияты секторунун башчысы болуп эмгектенген.
1978-жылдан бери СССР жазуучулар союзунун мүчөсү. 1983-жылдан тарта Кыргыз мамлекеттик университетинин СССР элдеринин адабияты кафедрасынын окутуучусу, 1985-1986-жылдар аралыгында "Кыргызстан маданияты" жумалыгынын бөлүм башчысы, 1989-1999-жылдары тил жана адабият институтунун бөлүм башчысы, 1999-2005-жылдар ичинде Чүй университетинин Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы болгон.
2005-2007-жылдары Ишеналы Арабаев атындагы университеттин профессору, 2007-жылдан тарта Жусуп Баласагын атындагы КМУнун профессору. Кадыркул Даутов 1960-жылдардын экинчи жарымынан бери адабий-сын чыгармаларын жазып келген.
1977-жылы "Ырдын өмүрү" аттуу алгачкы адабий-сын макалалар жыйнагы жарык көргөн. Кадыркул Даутов “Жаңы чектерге”, “Главное – поиск”, “Сөз өнөрүнүн эстетикасы”, “Таланттар жана тагдырлар”, “Тереңдиктер жана бийиктиктер”, “Адабий сын кантип жаралган?”, “Албан кырдуу алп акындын дүйнөсү", “Мезгил сыны жана мен”, “Түркүн дүйнө элестеринен”, “Издегеним тубаса акын, тунук поэзия” өңдүү көптөгөн курч жана таасын жазылган адабий-сын китептердин, монографиялардын автору.
Кадыркул Даутовго урпактар алдындагы ак ниет, бийик эмгеги үчүн “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер”, "Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу" мамлекеттик наамдары ыйгарылган. Жаркын инсан, чыгаан жазуучу, адабиятчы, сынчы Кадыркул Даутов өзүнүн байсалдуу өмүр жолунда кыргыз эли сыймыктангыдай көөнөргүс мурас калтырды.
Залкар инсандын чыгармалары ар дайым мекенди сүйүүгө, жаратмандыкка жана бийик адамкерчиликке чакырып, элибиздин жүрөгүндө жашай берет.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Кадыркул Даутовдун каза болгондугуна байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.





1 |