super.kg logo

Өкмөт Чолпон-Атада медкызматкерлердин жетишсиздиги болгонун айтты

 

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында абал курч экени, анда аймактык ооруканада медкызматкерлердин жетишсиздиги бар экени айтылган. Вице-премьер-министр Аида Исмаилова аталган аймакта чындыгында эле медперсоналдын жетишсиздиги болгонун билдирди. Бул тууралуу ал онлайн брифингде суроолорго жооп берип жатып билдирди.

"Чолпон-Ата шаарындагы "Алтын балалык" санаторийинде жана аймактык ооруканада стационарлар ачылган, чындыгында эле медицина кызматкерлердин жетишсиздиги болгон. Бул кызматкерлердин инфекцияны жуктуруп алышы жана каза болушу менен байланыштуу.

Мындан улам Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкектен дарыгерлерди жана реаниматологдорду жөнөттү. Борбордон барган медкызматкерлер "кызыл зонада" иштеп жатышат. Мындан тышкары Орусиядан келген медкызматкерлердин 1 тобу дагы көмөк көрсөтүүдө",
- деди вице-премьер.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: