super.kg logo

Жалал-Абадда эки бир тууган кыздар 10 күндөн бери дайынсыз болууда

 
Нурзада
Нурзия

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Аук айылынын тургундары 2004-жылы туулган Сабырбекова Нурзада Нуралиевна жана 2005-жылы туулган Сабырбекова Нурзия Нуралиевна 2020-жылдын 18-июль күнү Кочкор-Ата шаарынан үйгө кетебиз деп чыгышкан бойдон дайынсыз жоголуп, бүгүнкү күнгө чейин жүргөн жери белгисиз болууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда Нурзада жана Нурзиянын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Сабырбекова Нурзаданын өзгөчө белгилери: Бою 140-145 сантиметр, өңү ак жүздүү, кашы, көзү кара, чачы кара, узун.

Кийген кийими: Кызыл түстөгү көйнөк.

Сабырбекова Нурзиянын өзгөчө белгилери: Бою 160-165 сантиметр, өңү сары, кашы, көзү сары, чачы сары, кыска.

Кийген кийими: Көк түстөгү көйнөк.

Эгерде жогорудагы жоголгон кыздар тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо биздин дарекке кабарлап коюуңуздарды суранабыз.

Алдын ала көрсөткөн жардамыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Телефон: (03734) 5-05-44, 0553 78 00 78, 050014 00 06, 0770 14 00 06.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
29.07.2020. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ээ Алла Аман эсен табылышса экен
29.07.2020. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Аллахым суранабыз Аман эсен табылып калсын,10 кун болуптур
30.07.2020. 07:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым ай, жап-жаш кыздар, аман-эсен табылышса экен! Эгер бироолор кордогон болсо эки дуйнодо озулору ошондой кор болсун!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: