super.kg logo

Премьер-министр Ысык-Көлдө эс алуучулардын агымы көп болуп жаткандыктан, аймакта көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасын берди

 

"Эпидемиологиялык кырдаал курч болуп турган учурда жарандардын өмүрү аймактардагы ар бир акимдин жана айыл өкмөт башчынын натыйжалуу ишине көз каранды экенин эсиңерден чыгарбагыла", - деп премьер-министр Кубатбек Боронов республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Айрым аймактарда илдеттин кесепетинен каза болгондордун статистикасы жогорулап жатат. Район акимдери үстүртөн көзөмөлдөбөй, ишке өздөрү аралашып, тапшырманы жүзөгө ашырууга тийиш. Ооруканадагы ар бир бейтап боюнча маалымат алып турсун. Буга чейин штаб тарабынан үймө-үй кыдырып, ооругандарды аныктоо милдети коюлган. Бул жумуш тийиштүү деңгээлде аткарылбай жатат", - деди Кубатбек Боронов.

Ошондой эле премьер-министр Ысык-Көл облусунда эс алуучулардын агымы көп болуп жаткандыктан, аймакта көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасын берди.

"Статистикалык маалыматтар боюнча, өткөн айда Ысык-Көлгө эс алуу үчүн 3 миң адам барса, июль айында - 20 күндүн аралыгында 10 миңден ашык киши барды. Эс алуучулардын арасында дагы ооруп, дарыланып жаткандар дагы болушу мүмкүн. Ошондуктан облусту, өзгөчө курорттук аймакты катуу көзөмөлдөө керек. Зарыл болсо кошумча күчтөр тартылсын", - деди өкмөт башчы.

Жыйындын жүрүшүндө аймактарда медицина кызматкерлеринин кадрдык резервин түзүү маселеси талкууланды.

Премьер-министр дарыгерлер үчүн кыска мөөнөттүү окуу курстарын уюштуруу иштерин күчөтүүнү тапшырды.

Муну менен катар отурумда күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн жүрүшү да талкууланып, бул боюнча тармактык мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: