super.kg logo

Кайрымдуулук жолунда. Santo компаниясы COVID-19 менен күрөшүүдө кыргызстандыктарга жана мамлекетке жардам көрсөтүүдө

 

SANTO Member of Polpharma Group – Борбордук жана Чыгыш Европанын, Кавказдын жана Борбордук Азиянын рынокторунда иштеген, эл аралык Polpharma фармацевтикалык тобунун курамына кирген ири фармацевтикалык компания. SANTO компаниясынын фармацевтикалык заводунун тарыхы өзүнө 135 жылдан ашык убакытты камтыйт. Компаниянын 3 заводу бар, алардын бири Польшада, бири Орусияда дагы бири Казакстанда жайгашкан.

Компаниянын негизги максаты - жогорку сапаттагы, калкка жеткиликтүү генерикалык дары каражаттарын өндүрүү (фармацевтикалык, биологиялык, дарылык эквиваленттүү дары-дармектердин далилденген түп нускасы)

2015-жылы Santo компаниясынын өкүлчүлүгүн Кыргыз өлкөсүндө ачуу чечими кабыл алынган. Беш жыл ичинде компаниянын өкүлчүлүгү активдүү өнүктү, азыр да ата мекендик рынокто алдыңкы сапта туруп, өнүгүү жолун улантууда.

Өкүлчүлүктүн башчысы Азиз Турдиев фирманын башкы максаты - калкка сапаттуу бирок баасы жеткиликтүү болгон дары дармектер менен камсыздоо экенин белгилейт.

"Биз Кыргыз өлкөсүнө эң зарыл болуп турган дары-дармектердин топтомун алып келүүгө аракет жасап жатабыз. Педиатриялык дарылардын сериясы, дерматологиялык, респиратордук дары каражаттары жана кардиологиялык, гастроэнтерологиялык дары-дармектердин кенен түрү алып келинет", - дейт Азиз Турдиев.

Santo компаниясы Кыргыз өлкөсүнүн жашоочуларына, муну менен катар мамлекетке коронавирустук инфекция менен күрөшүүдө активдүү колдоо көрсөтүүдө.

"Биздин миссия - "Эл элге жардам берет". Буга ылайык COVID-19 илдетин жуктургандардын алгачкылары аныктала баштагандан тартып, биз жардам көрсөтүп баштадык. Алгачкы жардам көрсөтүү аракеттерибиз Бишкек шаарындагы калктын аярлуу катмарына акысыз бет кап таратуу менен башталды. Жалпысынан 15 миңден ашык бет кап таратылды", - дейт Santo компаниясынын Кыргыз мамлекетиндеги өкүлчүлүгүнүн башчысы.

Santo компаниясы өлкөдөгү дарыгерлерге да туруктуу колдоо көрсөтүп келет. Өзгөчө абалдын алгачкы күндөрүндө медиктерге иштеген жерине баруу кыйын болуп жатты. Компаниянын Кыргыз мамлекетиндеги өкүлчүлүгү буга кол куушуруп карап турбай, кыска убакыт аралыгында борбор шаардык мэриясы менен биргеликте дарыгерлер үйүнөн жумушка кайра жумуштан үйүнө эч бир кыйынчылыксыз жетүү үчүн 7 маршруттук унааны уюштурду. Мындай транспорт менен аларды камсыздоо толук бир ай жүргүзүлдү (1-апрелден 30-апрелге чейин). Буга жумшалган бардык финансылык каражатты компания өз мойнуна алды. Күн сайын компания уюштурган маршруттардын кызматынан шаардагы 300 медкызматкер пайдаланып жатты.

Коронавирус пандемиясы күтүүсүз жерден болуп,өбү ага даяр эмес эле. Башында дарыгерлердин, медицина кызматкерлердин коргоочу костюмдары жетишсиз болуп жатты. Компания 4 миң 200дөн ашык коргоочу костюмдар, бет кап жана санитайзерлер менен камсыздады.

"Биз муну менен эле токтоп калган жокпуз. Мындай жардамды бир гана Бишкекте эмес, коргоочу каражаттарды Кыргыз өлкөсүнүн бардык аймактарына тараттык. Фармацевттерге да жардам көрсөтүп жаттык, алар медкызматкерлер сыяктуу эле оор абалда болушту, көпчүлүк түшүнбөгөнү менен алар деле согуш талаасында жүргөндөй болушту. Менин билишимче, өлкөдөгү фармацевттердин 50 пайызы пневмония менен оорушту. Алар эл муктаж болуп жаткан дары-дармектер менен камсыз болушу үчүн болгон күчү менен иштешти", - дейт Азиз Турдиев.

Жакында эле Santo компаниясы Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине дары каражаты тарабынан жардам берүүнү чечип, түзүмгө 23 миллион сомдон ашык акчага дары каражаттарын өткөрдү. Буга COVID-19 илдетин дарылоого зарыл болгон дары каражаттарынын дарыканаларда тартыш болуп жаткандыгы себеп болду. Мындай иш-аракеттер чынында эле бейтаптарды айыктырууга көмөк болот.

Азиз Турдуев компания бул иш-аракеттер улантыларын, Кыргыз өлкөсүндө коронавирус инфекциясы боюнча абал турукташканга чейин жардам көрсөтүүгө колунан келген бардык аракеттерди көрө турганын айтты. Азыркы тапта аймактарда оору жайылууда, мындан улам фирма инфекциянын алдын алуу максатында ФАПтар, чакан ооруканалар иштеген айыл-кыштактарга коргоочу костюмдарды жеткирүүнү пландап жатат. Мындан тышкары Santo компаниясы август айында өлкөгө Польшада чыгарылган гепаринди Беларусь, Өзбекстан чыгарган гепариндин баасында алып келүүнү мерчемдөөдө.

"Биз калкты жеткиликтүү баадагы сапаттуу дарылар менен камсыздоого аракеттенебиз", - деген сөзүн кайталоо менен Азиз Турдиев жыйынтыктады.

Кененирээк маалымат: http://santo-pharm.kg/ сайтында.

медициналык блок: https://www.instagram.com/den_sooluk.kg/


кошулду





Кайрымдуулук жолунда. Santo компаниясы COVID-19 менен күрөшүүдө кыргызстандыктарга жана мамлекетке жардам көрсөтүүдө

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
01.08.2020. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жардам корсотулуп эле жатат кана ошол жардамдар дем алдыруучу бирда аппарат жок баарын эл озу алып берип жатат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: