super.kg logo

Колледждер абитуриенттер окуу ниетин 6-августка чейин билдириши керектигин маалымдайт. Бул жылы колледжге тапшыруунун эрежелери

 

Өлкөдөгү орто кесиптик билим берүү уюмдарына кабыл алуунун биринчи туру 30-июлда аяктайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен маалымдашты. Ага ылайык, быйылкы жылы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кабыл алуу онлайн жүргүзүлүүдө. Абитуриенттер Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан атайын иштелип чыккан системде катталышат. Ал үчүн шилтеме https://spuz.edu.gov.kg/.

Катталуу үчүн колледжди, адистикти тандап, өтүнмө берүү зарыл. Андан кийин керектүү талаачаларды толтуруп, сканерден өткөрүлгөн күбөлүктү же аттестатты жана сүрөттү тиркеп, “каттоо” баскычын басуу керек.

"Онлайн кабыл алуунун биринчи туру 13-июлдан 30-июлга чейин өткөрүлөт. 3-августтан тартып колледждер окууга өткөндөрдүн тизмесин жарыялай башташат.

3-6-августта – абитуриенттер окуу жайларга кабыл алууну каалоосун тастыктоого тийиш.

Окууга тапшыруучулардын коопсуздугун камсыздоо жана массалык чогулуусунун алдын алуу максатында колледждер 3-августтан тартып окууну каалоосун тастыкоо үчүн окууга тапшырган абитуриенттерге телефон чалышат. Документтердин түп нускаларын студенттер орто кесиптик билим берүү жайларына окуу жылдын башында бериши керек", - деп жарыялашты министрликтен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: