Нарын районунда сел жүрдү
Кечээ, 29-июлда Нарын облусунун Нарын районунда тынымсыз жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, 2 турак үйдүн короосун каптап кеткен. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Такталган маалымат боюнча, жааган жамгырдын кесепетинен коктулардан келген жаан суулары Нурбай-Булуң каналына батпай Шүкүрбек көчөсүндө жайгашкан 2 турак үйдүн короосун жана 250 метр ички чарбалык жолду каптаган.
Сел жүргөн жерге Нарын райондук №16 ӨКБдан 6 куткаруучу АКУ менен тартылып, каптарга кум толтуруп каналдын жээгин бекемдеп жана арыктардын ичин кум-шагылдан тазалашкан. Ошондой эле калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн", - деп билдиришти мекемеден.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:51
2025-12-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















