Коронавирус каттала элек Түркмөнстанда кызматкердин өлүмүнөн кийин стадион толугу менен карантинге алынды
Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарындагы "Копетдаг" стадионунда жайгашкан спорт секциялардын биринин башчысынын орун басары каза болгондугуна байланыштуу, стадион толугу менен карантинге жабылды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, "Копетдаг" стадионунун кызматкери Мухаммет Кешиков 24-июлда каза болгон. Мындан улам маркумдун туугандары стадиондо үч күндүк эскерүү иш-чарасын өткөрүшкөн. 28-июлда полиция кызматкерлери стадионду курчоого алып эч кимди киргизген эмес жана стадиондун ичиндегилер дагы чыгарылган. Стадиондун ичиндегилерге үйдөн чыкпоо сунушу берилген.
Дүйнөгө кеңири кулачын жайган коронавирус инфекциясы Түркмөнстанда расмий түрдө каттала элек.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-06-27

17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.