"Ооганстандан коалициялык аскерлердин чыгарылышы ШКУга мүчө өлкөлөргө коркунуч жаратат" - деди Алмазбек Атамбаев
Сириядагы курч кырдаал ШКУга мүчө мамлекеттерде тынчсыздануу жаратып жаткандыгын бүгүн, 13-сентябрда президент Алмазбек Атамбаев ШКУнун саммити учурунда айтты. Сирия өкмөтүнөн бул чатакты тынчтык жолу менен чечүүгө чакырды. Ошондой эле 2014-жылы Ооганстандан коалициялык аскерлердин чыгышы уюмга мүчө мамлекеттерге коркунуч жаратарын айтты. “ШКУга мүчө мамлекеттер Ооганстанга жакын болгондуктан, коопсуздукту камсыз кылууга өзгөчө көңүл буруу керек”,- деди мамлекет башчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

