5-июлдан бери дайынсыз болууда. Ош шаарынын 21 жаштагы тургуну Айтурган Өмүрбекова изделет



Ички иштер министрлигинин криминалдык милиция кызматы тарабынан 21 жаштагы Айтурган Өмүрбекова изделет. Ал 5-июлда үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес деп билдиришти ИИМдин маалымат кызматынан.
"Ош шаарынын 1999-жылы туулган Айтурган Өмүрбекова аттуу тургуну 5-июль күнү болжол менен саат 20:00 чамасында үйүнөн чыгып кетип, кайра келген эмес. Азыркы учурда анын кайда экендиги белгисиз, бирок айрым маалыматтар боюнча ал Бишкек шаарынын аймагында жүрүшү мүмкүн", - деп айтылат.
Изделип жаткан жарандын белгилери: бою 160-165 сантиметр, көздөрү күрөң, жайкы кийимчен.
Милиция сүрөттөгү жарандын кайда жүргөндүгү жөнүндө кандайдыр бир маалыматтарды билгендер болсо төмөнкү номурларга байланышып коюуну өтүнөт.
Байланыш номурлары: 0551 040-202, 0707 040-202, 0556 566-184 же нөөмөт бөлүмгө 0312 266-261.




1 |