super.kg logo

"Ата-Бейитте" коронавирустун курмандыгы болгон Кыргыз жарандарынын элесине арналган аза күтүү иш-чарасы болуп өттү

 

Бүгүн, 30-июлда "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде коронавирус инфекциясынын курмандыгы болгон Кыргыз жарандарынын элесине арналган аза күтүү иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маркумдарга багышталып куран окулду. Улуттук аза күтүү күнүнө арналган эскерүү иш-чарасына президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Кубатбек Боронов, Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Раимберди Дүйшөнбиев жана Кыргыз мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи Максат Токтомушев катышты.

Бул иш-чарага Утурумдук өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева катышкан жок. Президенттик аппараттан SUPER.KG порталына билдиргендей, Отунбаева иш-чарага чакырылган. Бирок эмнеге келбегени белгисиз.

Сооронбай Жээнбеков 27-июлда "Кыргыз Республикасында 30-июлду Улуттук аза күтүү күнү катары жарыялоо тууралуу" жарлыкка кол койгон.

Коронавирус инфекциясынын Кыргыз Республикасында жайылышы менен бул илдет өлкөнүн көптөгөн жарандарынын өмүрүн алып кетти.

Аза күтүү күнүндө Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында тиешелүү иш-чаралар болуп өтөт, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрдүн имараттарындагы мамлекеттик туулар түшүрүлөт.

Кыргыз Республикасынын маданий мекемелерине жана телерадиокомпанияларына көңүл ачуучу иш-чараларды жана берүүлөрдү токтото туруу сунушталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: