БШК: "Маркум Чыныбай Турсунбековдун мандаты башка талапкерге тапшырылат"
Маркум Чыныбай Турсунбековдун мандаты башка талапкерге тапшырылат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.
"Ыйгарым укугу токтотулган депутаттардын ордуна партиянын кийинки тизмесиндеги талапкерге мандат тапшырылышы керек. Кечээ күнү Жогорку Кеңештин төрагасы бул маселе боюнча аталган комиссияга кайрылган", - дейт Бекматов.
Бул мандат Роза Баратовага тапшырылышы мүмкүн.
Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбеков 6-июлда пневмониядан улам каза болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
-1

