Украинада сутка ичинде коронавирус аныкталгандардын рекорддук көрсөткүчү катталды
Украинада акыркы бир сутка ичинде 1 миң 197 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 23 адам каза болсо, 760 бейтап айыгып чыкты. Бул көрсөткүч коронавирус аталган өлкөдө катталгандан берки эң жогорку көрсөткүч экенин жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус аныкталгандардын эң көбү борбор шаар Киевде катталган (199). Буга чейинки рекорд 26-июнда катталган. Анда 1 миң 109 адамдан коронавирус аныкталган.
Акыркы маалыматтар боюнча Украинада жалпы 70 миң 275 адамдан коронавирус аныкталды. 1 миң 696 адам каза болсо, 39 миң 283 бейтап айыгып чыкты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-06-27

17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.