super.kg logo

Колледждерге кабыл алуунун экинчи туру 7-августта башталат

 

Кыргыз өлкөсүнүн колледждерине абитуриенттерди кабыл алуунун экинчи туру 7-августтан 25-августка чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 30-июлда Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, быйылкы жылы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кабыл алуу онлайн түрүндө жүргүзүлүүдө. Абитуриенттер аталган министрлик тарабынан атайын иштелип чыккан https://spuz.edu.gov.kg/ системде катталышат.

Катталуу үчүн колледжди, адистикти тандап, өтүнмө берүү зарыл. Андан кийин керектүү талаачаларды толтуруп, сканерден өткөрүлгөн күбөлүктү же аттестатты жана сүрөттү тиркеп, “Каттоо” баскычын басуу керек. Кабыл алуу аяктагандан кийин үч күндүн ичинде абитуриент тандалган колледжде окууну каалоосун тастыктоого тийиш.

Документтердин түп нускаларын студенттер орто кесиптик окуу жайларга (ОКОЖ) окуу жылдын башында бериши керек.

Быйылкы жылы кабыл алууну 145 колледж 129 адистик боюнча ишке ашырууда. Эмгек рыногунда суроо-талапка ээ 16 адистикке республиканын облустардагы орто кесиптик окуу жайлардын базасында түзүлгөн алдыңкы тажрыйба борборлорунда окутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: