Орусиянын Каржы министрлиги топтолгон шектүү каражаттарды конфискациялоону сунуштап жатат
Орусиянын Каржы министрлиги топтолгон шектүү каражаттарды конфискациялоону сунуштап жатат. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бул мыйзам долбоору даярдалып, өкмөткө жөнөтүлдү. Азырынча топтолгон каражаттын мыйзамдуулугу кимдер тарабынан текшерилери, шектенүүнү жараткан минималдуу сумма канча болору белгисиз.
"Финансы министрлиги Бюджеттик кодекске өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатат. Анда жарандардын топтолгон каражатынын мыйзамдуулугу тастыкталбаса, Орусия Федерациясынын пенсиялык фондуна которулат. Бул норма колдоо тапса, ушул жылдын декабрь айында күчүнө кириши мүмкүн", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(1)
AdylbekB84

30.07.2020. 17:39
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул мыйзам ишке кирсе мигранттардын шоруда, кечээ аэропортто кармалган 76 миллиондой, биздикилер без чек иштешет, базарда дагы, документ жасап иштегендер деле!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.