super.kg logo

"Алтын сертификатка" ээ болгон абитуриент: "Азыркы кырдаал дарыгерлик кесиптин маанилүүлүгүн көрсөттү, мен ушул кесипти тандадым"

 

"Караңгыны айтып наалыгыча бир бурчуна шам жак" дейт Жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алган абитуриенттердин бири Азат Амангулов. ЖРТдан эң жогорку көрсөткүчкө жеткендер 28-июль күнү өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун колунан "Алтын сертификат" алышты. Алардын катарында алыскы Ат-Башы районунун зирек жигити Азат Амангулов дагы бар. Ааламга кеткен жол айылдан башталат дегендей, маектешибиз шарты катаал, кышы узак, тоолуу райондун Казыбек айылынын кулуну, ал ЖРТдан 216 балл алган.

- Азат саламатсызбы? "Алтын сертификат" кут болсун!

- Саламатсыздарбы, чоң рахмат, кубанычтамын.

- Жогорку көрсөткүчтөгү балл алып, президенттик сыйлыкка татыктуу болуу үчүн көп эмгек талап кылынса керек же көпчүлүк абитуриент айткандай багыңардан болдубу?

- Андай десек дагы болот (күлүп), билбейм, мен өзүмдү жакшы эле окусам керек деп ойлойм. Мектепте эң жакшы деген бааларга окудум. Негизи жогорку балл алуу үчүн сөзсүз түрдө көп даярдануу, изденүү керек. Калтырбай окуп турганга туура келет. Анан эмгегиңдин акыбети эки эсе кайтат.

- Кошумча даярдыктар болдубу? Ким көбүрөөк көмөк көрсөттү?

- Мектептеги сабактардан сырткары кошумча даярдыктар болду. Карантинге байланыштуу онлайн курстардан окудум. Ошол эле учурда мугалимдерибиз дагы көмөк көрсөтүп жатышты. Ата-энемдин да колдоосу өтө чоң болду.

- Келечектеги пландарыңыз кандай? Кайсы кесипти тандадыңыз, дегеле максаттар тууралуу айта кетсеңиз?

- Мен кичинемден эле дарыгер болгум келет. Буюрса, Бишкектеги медициналык академияга тапшырам деп турам. Анын үстүнө өлкөдөгү акыркы кырдаал дагы аталган кесиптин маанилүүлүгүн жакшы эле далилдеди го деп ишенем. Ошол себептүү дарыгер болууну чечтим. Келечекте дарыгер болуп, элибиздин саламаттыгына кам көргөн инсан болсом деген тилектерим бар. Мен үчүн татыктуу кесип тандоо кыйынга деле турган жок.

- Азыркы жаштар көбүнчө билим берүү системине канааттанбагандай, эски формат дегендери да жок эмес. Сиз бул ойго кошуласызбы?

- Канааттанам десем дагы болот. Билим берүү системи эски болгону менен барган сайын акырындан заман талабына ылайыкташып, жакшырып эле баратат. Бирок билим берүү системин реформалоо керек деп ойлойм. Мисалы бизге 10 же 15 сабактын баары эле керек эмес. Арасынан тандап, чындап жашоого, келечекке керектүү сабактарды киргизүү жагын карашса деп ойлойм.

- Кийинки бүтүрүүчүлөргө кандай кеңеш берет элеңиз?

- Көп окугула, убакытты туура пайдалангыла жана дагы өзүңөргө ишенгиле деп айтат элем.

- Азат, маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Ойлогон ой-максаттарыңыз ишке ашсын.

- Сиздерге дагы рахмат, айтканыңар келсин.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
31.07.2020. 02:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туура тандагансын.Айлыкты кутпой эле шабашкасы менен эн жакшы жашоодо жашай турган болосун.
31.07.2020. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Alinur96kg,Ошо шабашкага кондуробуз озубуз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: